Биз менен байланышыңыз

Green Card: Кабыл алуу башталды, анкетаны толтурууда эмнеге көңүл буруу керек?

Блог | 7 Окт 2021 | 14631 | 3

ГРИН-КАРТ ЛОТЕРЕЯСЫ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Лотерея (же болбосо DV-Lottery) АКШнын мамлекеттик департаменти тарабынан жыл сайын жүргүзүлүп келет. Грин-карт лотереясын утуп алуу АКШга иммиграциялоонун реалдуу жолдорунун бири.

Лотореяга катышуу үчүн анкетаны толтурууңуз кажет. Анкетаны толтурууда маалыматтарды англисче туура жазып жатканыңызга, сүрөттү туура тандаганыңызга (көлөмү чарчы, jpeg форматында), дарек, үй-бүлөлүк абал,  билим тууралуу маалыматтардын так экенине көңүл буруңуз.

Эмнелерди билүү керек:

✅ Анкетаны расмий сайтта гана толтуруңуз: https://dvprogram.state.gov/ Ушул сайттан гана, башка жактан толтурбаңыз!!! Башка сайттардан толтурган чакта, расмий сайттагы анкета жараксыз болуп калышы мүмкүн.

✅ Лотореяга катышуу толугу менен бекер! Сиз утмайынча анкета толтуруу үчүн да, катталуу үчүн да эч нерсе төлөбөйсүз.

✅ Башка ортомчулардан жардам алуу үчүн кайрылуунун такыр кереги жок: анкета жөнөкөй, англисчени начар билген адам деле толтура алат. Негизгиси аты-жөнүңүздүн, дарегиңиздин англисче кантип жазыларын тактап алыңыз (жалпы жарандык паспорттон колдонсоңуз болот).

✅ Акыркы алты ай ичинде түшкөн фото гана жарактуу деп эсептелет. Фотошоп колдонулган сүрөттөр жарабайт. Сүрөткө туура түшүү үчүн атайын фотосалондордун кызматын пайдалансаңыз болот.

✅ Анкетаны толтуруп баштагандан тартып 1 саат берилет. Эгерде 1 сааттын ичинде толтуруп бүтпөсөңүз, кайра баштоого туура келет.

Анкета толтурууда көпчүлүк кетирген каталар:

❌ Туура эмес сайттарда анкета толтуруу;

❌ Аты-жөнүн туура эмес көрсөтүү;

❌ «middle name» жазуусу бар бөлүктү толтурбай коюу;

❌ Сүрөттү даярдоодогу катачылык;

❌ Үй-бүлө мүчөлөрүн толук көрсөтпөө;

❌ Анкетаны эки-үч кайталап толтуруу;

❌ Үй-бүлөлүк абалын туура эмес көрсөтүү;

❌ Жашаган дарегин туура эмес жазуу;

❌ Билими тууралуу маалымат, бул жерди кылдаттык менен толтурууга аракет кылыңыз;

П.С. Алгачкы күнү тапшырам дегендер көп болгондуктан расмий сайт катып, начар иштеши мүмкүн, ошондуктан бир күндөн кийин тапшырган оңоюраак болот. Бирок акыркы мөөнөткө чейин калтырбаңыз. Себеби, акыркы күндөрдө тапшыргандар алгачкы күндөгүдөн да көп болот.

❗ Дагы бир жолу айта кетчү жагдай, грин-карт үчүн анкета кабыл алган бир эле сайт болот. Ал https://dvprogram.state.gov/ cайты.

3 пикир

3 пикир

  1. Токур

    02.10.2019 20:01

    Кыргызстанда эле жакшы, Америкага жаштар барып иштетсин. Кыргызга тууган жер, тууган урук, дос жогору турушу керек.
    Байлык издеген еврей, армян, цыган мекенин акчага алмаштыргандар.

  2. Кемчонтой

    02.10.2019 20:27

    Мне болду кетелеби баарыбыз? Абал жаманбы э?

  3. Бактынул

    12.10.2020 19:18

    Кантип толтурам Грин картаны мунун болсо жардам берсеңер жакшы болот эле билгендер0771555905

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM