Марал Радиосу

Текебаев менен Чотоновдун сотунда 4 генерал көрсөтмө берди

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүү 17-октябрда улантылат. Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда болгон отурумда бир катар күбөлөр сурак берди.

Сотто айыпталып жаткан Дүйшөнкул Чотонов 13-майда Ошко учканы боюнча 4 генерал көрсөтмө бергенин жактоочу Таалайгүл Токтакунова билдирди.

«Мына бул көрсөтмөлөрдөн улам, сотто жабырлануучу катары катышып жатышкан Леонид Маевский менен Алексей Модиндин 1 млн доллар пара бердик деген көрсөтмөсү калп болуп жатат. Муну менен биз Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов толук акталат деп ишенебиз», — деди жактоочу.

Адвокат Токтакунова ошондой эле дагы бир маанилүү күбө, Кыргыз аэронавигация ишканасынын жетекчилиги көрсөтмө берип, ал 2010-жылдын 13-май күнү Ош облусуна болгон 1 тик учак учканын айтканын кошумчалады.