Марал Радиосу

Президент Кытай Эл Республикасын түзүлгөн күнү менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1- октябрда Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинди Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгы менен куттуктады.

«Кытай Эл Республикасы түзүлгөн күндөн баштап өткөн жылдар ичинде Сиздин өлкөдө кытай элинин турмушун жакшыртууга, ал эми мамлекетке дүйнөдөгү эң ири жана алдыңкы экономиканы түзүүгө мүмкүнчүлүк берген чындыгында улуу өзгөрүүлөр болуп өттү. Өлкөнүн жетишкен жогорку жетишкендиктеринде Сиздин жеке эмгегиңиз баа жеткис», — деп айтылат куттуктоодо.

Кыргызстанда дос элдин ийгиликтерин кубануу менен кабыл алышат жана Кытайдын мындан ары дагы гүлдөп өсүшүнө, ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда байланыштардын туруктуу жана ырааттуу өнүгүүсүнө үмүттөнүшкөнүн Сооронбай Жээнбеков куттуктоосунда айтат.

Exit mobile version