Марал Радиосу

Фарид Ниязов 9-декабрга чейин тергөө жайда кармалат

Президенттик Аппараттын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов № 1 тергөө абагында 9-декабрга чейин кармалат. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту кечээ кечинде кабыл алды.

Фарид Ниязовго расмий түрдө массалык башаламандык уюштуруу жана барымтага алуу боюнча айып тагылууда.

Маалыматка ылайык, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Алга Кылычовго, Кыяз Смаиловго, Амантур Жамгырчиевге, Марат Шаменовго жана башка 3 кишиге сот ушундай эле бөгөт чарасын тандады.