Марал Радиосу

«Кыргызстанда 1364 имамдын диний билими жок»

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева ИИМдин маалыматына таянып, диний билими жок имамдардын саны 1364тү түзөрүн билдирди. Алардын арасында мурда соттолгон имамдар да бар. Ошондой эле каттоодон өтпөгөн 386 мечит бар.

Депутат имамдардын билимдүү болгону адилеттүү көз карашка, кеңири ой жүгүртүүгө үгүтөй турганын айтып, дин чөйрөсүн көзөмөлдөгөн мекемелерди буга көңүл бурууга чакырды.

Буга чейин Жогорку Кеңеште өлкөдөгү мечиттердин санын тактоо жана каттоодон өткөрүү тууралуу маселе көтөрүлгөн. Андан сырткары, имамдардын билимин жогорулатуу үчүн да бир топ иш-чаралар өткөрүлүп келет.