Марал Радиосу

Ороктогу жаңжалдан 2 адам жаракат алды

UCBW and IE makes an apperance at Cody LindCharlie Todd

Сокулук районунун Орок жана Жал айылынын жашоочуларынын ортосунда жаңжал чыгып, натыйжада эки адам октон жаракат алып ооруканага түшкөн. Бул тууралуу Ленин райондук Ички иштер башкармалыгына 30-сентябрда маалымат келип түшкөн. Андан соң ооруканага милиция кызматкерлери жөнөтүлгөн.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, окуя 29-сентябрда Орок айылында үйлөнүү той өтүп жатканда болгон. Жергиликтүү жашоочу менен Жал айылынан келген конок кайым айтышып, айылдаштарын чакырган.

29-сентябрда саат 23:30 чамасында Орок айылында жаштар арасында чыр чыгып, жаңжалга катышкандардын бири белгисиз куралдан ок чыгарган.

Аталган факт Ленин райондук Ички иштер башкармалыгына катталып, топтолгон материалдар тиешелүү органдарга тапшырылды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.