Марал Радиосу

Боом капчыгайындагы жол маал-маалы менен жабылып турат

Бүгүн, 30-сентябрдан 4-октябрга чейин Боом капчыгайындагы жол маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Бул күндөрү эртең мененки саат 9дан күндүзгү саат 3кө чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында таштарды атайылап кулатуу иштери жүргүзүлөт.