Марал Радиосу

Кытай эми Өзбекстанга “Коопсуз шаар” курат

Кытай Өзбекстанга “Коопсуз шаар” системасын киргизүү үчүн 1 млрд доллар бөлөт. Бул тууралуу СА-Ньюс басылмасы жазды.

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов кол койгон жарлыкка ылайык, Ташкентте бул система 2020-жылдын аягына чейин орнотулмакчы.

Келишим боюнча “Коопсуз шаар” толугу менен 2021-жылдын декабрына чейин ишке кирет.

Өзбекстан менен Кытай ортосундагы бул планды ишке ашыруу келишими Пекинде өткөн отурумда макулдашылган. Анда 54 проектке кол коюлган. Келишимдин жалпы суммасы 4,3 миллиард сомду түзөт.