Марал Радиосу

Кыргызстан бир катар мамлекеттер менен дипломатиялык мамиле түздү (сүрөт)

Бүгүн Нью-Йорк шаарында БУУ БАнын 74-сессиясынын аянтчасында министр Чыңгыз Айдарбеков Кирибати, Вануату, Сент-Винсент жана Гренадиндер, Кабо-Верде өлкөлөрүнөн келген делегациянын башчылары менен жекече жолугушууларды өткөрдү.

Анын алкагында БУУ БАнын 74-сессиясынын күн тартиби боюнча өз ара аракеттенүү жана БУУнун шайлануучу органдарына талапкерлерди өз ара колдоо маселелерин талкуулашты.

Жыйындын соңунда аталган өлкөлөр менен дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен Коммюникелерге кол коюшту.