Марал Радиосу

Кыргызстандык суучул Елизавета Рогожникова Азия чемпионатында үчүнчү ирет коло медаль утту

Кыргызстандык спортчу Елизавета Рогожникова Азия чемпионатында дагы бир медаль тагынды. Сууда сүзүүнүн түрлөрү боюнча Азия биринчилиги ушул күндөрү Индиянын Бангалор шаарында өтүп жатат.

Сууда сүзүү федерациясынан билдиришкендей, кечээ турнирдин үчүнчү күнү — 26-сентябрда Рогожникова 100 метр аралыкты 1 мүнөт 3,82 секундда сүзүп өтүп, коло медалга ээ болду.

Рогожникова ушул эле чемпионатта буга чейин бир күмүш, эки коло медаль жеңип алган.