Биз менен байланышыңыз

Пенсияны орто эсеп менен 10 %га көтөрүү караштырылууда

Кыска кабар | 26 Сен 2019 | 732 | 1

Соцфонддун өткөн жылдагы жалпы кирешеси 51 млрд 13 млн 750 миӊ сомду түздү. Бул андан мурдагы жылга салыштырмалуу 104,3 %га көп. Ал эми камсыздандыруу төгүмдөрү план боюнча 30 млрд 800 млн 305 миӊ сом болсо, иш жүзүндө 30 млрд 642 млн 143 миӊ сом көлөмүндө каражат түшкөн. Бул тууралуу Жогорку Кеӊеште «Социалдык фонддун 2018-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып жатканда билдиришти.

Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиевдин айтымында, камсыздандыруу төгүмдөрү пландагыдан 5 пайызга кем аткарылганына карабастан, 2017-жылга салыштырмалуу 107 пайызга өскөн, тактап айтканда, 1 млрд 902 млн 495 миӊ сомго көп жыйналган. «Ал эми акциялар боюнча дивиденддер менен акча каражаттарынын калдыктарына чегерилген пайыздардын эсебинен түшкөн дагы башка кирешелер 349 млн 860 миӊ сом өлчөмүндө болду», — деди ал.

Соцфонддун 2018-жылдагы жалпы чыгымы 50 млрд 309 млн 666 миӊ сомду түздү. Анын ичинде:

  • Пенсиялык фонддун чыгымы – 46 млрд 96 млн 37 миӊ сом;
  • Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун чыгымы – 2 млрд 328 млн 445 миӊ сом;
  • Эмгекчилердин саламаттыгын чыӊдоо фондунун чыгымы — 288 млн 839 миӊ сом;
  • Мамлекеттик пенсиянын топтомо фондунун чыгымы – 1 млрд 596 млн 344 миӊ сом;

Белгилей кетсек, Социалдык фонддун 2018-жылдагы бюджети 814 млн 935 млн сом профицит менен бекитилген. Жыл жыйынтыгында бекитилген бюджеттин профицити 704 млн 83 миӊ сом өлчөмүндө болду.

Белгилей кетсек, ушу тапта 651 миӊ пенсионер бар. Пенсионерлердин орточо пенсия өлчөмү 5604 сомду түзөт. Ал эми таптакыр эмгек стажысы жок жарандар 400 сом менен пенсияга чыгат. Быйыл пенсияны орто эсеп менен 10 пайызга көтөрүү чарасы караштырылууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM