Марал Радиосу

Президент иш сапары менен Ысык-Көлгө барды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, жумушчу сапары менен Ысык-Көл облусунда болот. Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматы билдирет.

Өлкө башчысы Жети-Өгүз районунун жашоочулары менен жолугушат. Мындан тышкары Президент экспортко багытталган ишканалардын ишмердиги менен таанышып, таза суу, ирригация жана айыл чарба объектилерин көрүп чыгат.