Марал Радиосу

Өзбекстанга кытайлар шамалдан ток алган электр паркын курат

Кытайлык «Liaoning Leader» компаниясы Өзбекстандын Бухара облусуна желден ток алуучу электр паркын курат. Курулуштун баасы 1,8 миллиард долларга бааланууда.

Парк сыяктуу курулуучу желден ток алган электростанциялардын кубаты 5 миң МВтту түзөт. Ага атайын 6 миң гектар жер бөлүнүп берилгенин жергиликтүү бийлик билдирген.

Бул долбоор 3 бөлүктөн турат. Алгачкы бөлүгүндө 240 миллион долларга бааланган, кубаты 200 МВт болгон желден ток алуучу электростанция курулмакчы.

Учурда Өзбекстандын Кытай алдындагы карызы 8 млрд долларга жакын. Ал эми Кыргызстандын Кытайга болгон карызы 2 млрд долларды түзөт.