Марал Радиосу

Чотаев: Мечит курууга чектөө киргизүү сунушталган

Кыргызстанда жалпысынан 2669 мечит каттоодон өткөн. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары Закир Чотаев Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып айтты.

Анын белгилешинче, каттоодон өтпөгөн дагы 300дөй мечит бар.

Депутат Айсулуу Мамашева мечит курууга кайсы бир деңгээлде чектөө киргизүү планы бар-жогуна кызыкты.

— Учурунда Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы тарабынан диний жайларды иретке келтирүү жана курууга чектөө киргизүү боюнча сунуш берилген. Белгилүү аймакта жашагандардын санына карап, пропорциялык чек коюуну сунуштаган. Бирок бул боюнча так чечим чыга элек, — деди Чотаев.