Марал Радиосу

Жусуп Абдрахманов тууралуу даректүү тасма кинотеатрларда көрсөтүлүп баштайт

3-октябрдан тарта Жусуп Абдрахманов тууралуу даректүү тасма Бишкек шаарынын кинотеарларында көрсөтүлүп баштайт. Бул тууралуу тасманын режиссеру Эрнест Абдыжапаров «Маралга» билдирди.

Маалыматка ылайык, кинонун узактыгы — 65 мүнөт. Анда тарыхый инсан Жусуп Абдрахмановдун өмүр жолу менен бирге, кыргыздардын XIX кылымдын аягы XX кылымдын башындагы жашоо-турмушу, 1916-жылдагы Үркүн, В.И.Лениндин жаңы экономикалык саясаты, дүйнөлүк кризис тууралуу кеп болот. Алар Абдрахмановдун күндөлүгүндө чагылдырылган маалыматтардын негизинде баяндалат.

Тасманы тартууда Москва, Ташкент, Алматынын архивдеринен бир катар документтер, сүрөттөр жана кинокадрлар чогултулган.

«Өзгөчө ири маалыматты Абдрахмановдун чөбөрөсү Астемир Абдрахманов берди. Бир жыл бою көптөгөн маалыматтарды каздык. Даректүү тасма 2018-жылы тартылып баштаган. Биз жайында бүтүрүп тапшырганбыз. Бирок кошумча маалыматтар келип, өзгөртүүлөр киргизилди. Чоң экранда таасирдүү болсун деген ой менен тасманы кинотеатрларга чыгарып жатабыз. Жөнөкөй тасма болгон жок, анткени, Абдрахмановго буга чейин да, СССР убагында да көп көңүл бурулган эмес экен. Анын эмгегин, өлкөнү түптөөгө кошкон салымын тарыхчылар гана билбесе, жалпы журтка билинбей келген», — дейт Абдыжапаров.

Абжапаров тасманы уникалдуу деп баалайт. Анткени, кинодо Абдрахмановдун кыргыз мамлекетин түптөөгө кошкон салымы архивдик далилдер менен көрсөтүлгөн. Тарыхчылар билбеген маалыматттар да камтылган.

«Кыргызстан 3 облуска бөлүнүп, Талас Сыр-Дарыя облусуна, Түштүк Кыргызстан Фергана облусуна, ал эми Түндүк Кыргызстан Жети-Суу аймагына карап турган. Эгер ошол бойдон калганда, Талас менен түштүк аймак Өзбекстанга өтүп кетмек, ал эми түндүк тарап Казакстандын бир облусу болуп калмак. Бирок Абдрахманов улам кат жазып, Сталинге кирип отуруп, Кыргызстанды бөлүп чыккан. Ал тасмада кадимкидей көрсөтүлөт», — дейт режиссёр.

Тасма Аскар Салымбековдун жеке каржылоосу менен тартылган.

Белгилей кетсек, Жусуп Абдрахманов советтик жана партиялык ишмер, Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Советинин биринчи төрагасы (азыркы түшүнүк менен айтканда, премьер-министр) болгон. 1937-жылы сталиндик репрессияга кабылып, 1938-жылы атылып кеткен.

Exit mobile version