Марал Радиосу

Президент Айсулуу Тыныбековага батир, ата-энесине саат белек кылды (сүрөт)

Президент Сооронбай Жээнбеков балбан кыз Айсулуу Тыныбековага үч бөлмөлүү батир белек кылды. Бул тууралуу анын машыктыруучусу Нурбек Изабеков «Маралга» билдирди.

Президент Айсулуунун жеңиши өлкө тарыхындагы эң маанилүү жеңиш экенин белгиледи.

«Азыр эле президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунан чыктык. Айсулууга үч бөлмөлүү батирдин сертификатын беришти. Президент Айсулуунун жеңиши өлкө тарыхындагы эң маанилүү жеңиш экенин белгиледи. Машыктыруучуга акчалай сыйлык берилди«, — деди Изабеков.

Белгилей кетсек, Айсулуу Казакстандын Нур-Султан шаарында күрөш боюнча дүйнө чемпионатында 62 салмакта алтын медаль уткан.