Марал Радиосу

Британия парламенти ишин кайрадан жандандырат

Бүгүн Британиянын парламенти кайрадан чогулат. Жогорку сот бир добуштан парламентти таркатуу мыйзамсыз болгонун жана юридикалык күчү жоктугун жарыялашкандыктан, парламент жумушун кайрадан баштамакчы.

Кадимки жагдайда шаршемби күндөрү премьер-министр парламент мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп бермек. Учурда премьер-министр Жонсон Нью-Йорктогу Башкы Ассамблеянын кезектеги сессиясында жүргөндүктөн, парламенттин бүгүнкү отуруму мурдагыдан башкача болмокчу.