Марал Радиосу

Өлкөдө 652 мектепте ысык тамак берилбейт

Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова депутат Талайбек Масабировдун суроосуна жооп берип жатып айтты.

Министрдин орун басарынын билдиришинче, Кыргызстандагы 652 мектепте ысык тамак берилбейт. Ал мектептерде таттуу токоч менен чай берилет. Учурда парламентте мектеп окуучуларын ысык тамак менен камсыз кылууга байланыштуу мыйзам долбоору талкууланып жатат.

Кыргызстан боюнча эки миңден ашык мектеп бар.