Марал Радиосу

Планетаны желим таштанды менен булгаган ири компаниялар. Аларга кантип каршы тура алабыз?

Ар мүнөт сайын океанга оор жүк ташуучу машинага барабар пластикалык таштанды төгүлөт. Булар кайдан келет, кантип күрөшсө болот? Ушул убакытка чейин так жооп болгон эмес. Ошентсе да, желим таштанды көйгөйүнөн арылуу үчүн эң негизги маалыматтарды билүү ашыкчалык кылбайт.

Greenpeace кыймылы «Break Free From Plastic» долбоору астында 42 өлкөдөн 10 000 волонтёр менен биргеликте желим бөтөлкөлөрдү тазалоо жана бренддерди текшерүү өнөктүгүн жүргүзгөн. Тогуз айдын ичинде 6 континентте 239 тазалоо иш-чарасын өткөрүшүп, 187 000 даанадан ашык бөтөлкө чогултушкан. Андан чыккан жыйынтык боюнча кайсы компаниялар желим таштандылардын көбөйүүсүнө шарт түзө турганын эсептешкен.

Эң көп төмөнкү компаниялар аталган:

  1. Coca-Cola
  2. PepsiCo
  3. Nestlé
  4. Danone
  5. Mondelez International
  6. Procter & Gamble
  7. Unilever
  8. Perfetti van Melle
  9. Mars Incorporated
  10. Colgate-Palmolive

Бул албетте, желим таштандылардын жайылышына салым кошкон жүздөгөн бренддердин алдыңкы ондуктары гана.

Эми эң маанилүүсүн айтсак: биз биргеликте пластикалык булганууга алып келген бул бренддерди жоопкерчиликке тартуубуз кажет.

Мисалы Кока-Кола боюнча айтсак. Бул марка 42 өлкөнүн 40ында кездешет. Андан сырткары, бардык 6 континентте тең эң көп кездешкен алгачкы үчтүккө кирет. Greenpeace Arctic Sunrise кемеси Кока-Кола суусундугунун бөтөлкөсүн жадагалса Тынч океандан жерден жүздөгөн километр алыстыктагы аймагынан да табылганын айтат.

Coca-Cola, PepsiCo, Nestle жана башка жогорку тизмедеги ири компаниялар негизинен пластикалык көйгөйдү чечүү жолдорун тапса болот. Тилекке каршы, бул компаниялар глобалдык көйгөйгө каршы күрөшүүнүн амалын табуунун ордуна дагы эле өндүрүмүн желим бөтөлкөлөргө чыгарууну улантып келишет.

Өзүнүн пайдасы үчүн океандын, планетанын булганышына кайдыгер караган Кока-Кола жана башка корпорацияларды пластикага каршы биригүүгө чакыруу зарыл.

Глобалдык көйгөй менен күрөшүүгө ар бирибиз салым кошо алабыз. Албетте, биз пластикалык бөтөлкөлөрдү кайра тапшырышыбыз мүмкүн, ашыкча желим баштыктарды колдонууну азайтабыз, балким көп ирет колдонуучу баштыктарга өтөбүз… Бирок жогорудагы компаниялар жардам колун узатмайынча, канчалык желим бөтөлкөлөрдү азайта алабыз, айтыш кыйын.

Бул маселени чечүү үчүн толугу менен системаны өзгөртүү керек — биз аларды колдонуп таштаганга чейин кантип өндүрүлөт, кандай абалда болот? Аны ишке ашырууда аталган корпорациялардын ролу чоң болот.

Аларды биз менен чогуу дүйнөлүк булганууга каршы чыгышы үчүн төмөнкүдөй флешмобду колдонсок болот. Таштандыга айланып, туура эмес жерде жаткан желим буюм көрсөңүз, дароо сүрөткө тартып социалдык тармактарда #IsThisYours хэштегин колдонуп бөлүшүңүз. Сөзсүз түрдө марканы белгилеп коюуну унутпаңыз!

Баарыбыз биргеликте табияттын пластикалык булгануусуна каршы турган, булганууну жок кылган муун боло алабыз. Ал үчүн ар бирибиз салым кошо алабыз. Окаендардын булгануусун шарттаган корпорациялар, дүйнөлүк бренддер, анын адамзатына тийгизген зыяндары тууралуу кененирээк «Break Free From Plastic» долбоору аркылуу тааныша аласыздар.