Марал Радиосу

Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев УКМКнын атайын аскери Үсөн Ниязбековдун өлүмүнө шектелип жатат

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевге КЖКнын 4-беренеси менен иш козголгон. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин Алмазбек Атамбаевди мыйзамга ылайык кайтарган УКМКнын кызматкери Канат Сагымбаев кечээ Аскер прокуратурасынын чечими менен 48 саатка камакка алынган.

Жактоочунун айтымында, ага «Массалык баш аламандык уюштуруу», «Кызмат абалын кыянат пайдалануу», «Топтошуп адам өлтүрүү» жана «Тергөөчү же башка кызматтык адамдардын ишине тоскоолдук жаратуу» беренелери менен күнөөлөнүндө.