Марал Радиосу

Месси жылдын мыкты оюнчусу деп табылды

«Барселона» клубунун чабуулчусу Лионель Месси «Жылдын мыкты оюнчусу» деп табылды. Мындай чечимди Эл аралык футбол федерациясы кабыл алды.

Месси өз карьерасында алтынчы жолу аталган сыйлыкка татыды. Испания биринчилигинин 2018-19-сезонунда Месси 34 оюн өткөрүп, 36 гол киргизген.

Ошондой эле, 2009, 2010, 2011, 2012 жана 2015-жылдары «Жылдын мыкты оюнчусу» аталган.