Биз менен байланышыңыз

Исаков: Мамлекеттик университеттердин санын кыскартабыз

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Сен 2019 | 1646 | 1

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков «Маралга» маек берип жатып университеттер сөзсүз түрдө координацияланарын билдирди.

«Мамлекеттик университеттерди оптималдаштырууга барабыз. Себеби, учурда 100 эле студенти бар окуу жайлар да кездешет. Мындан улам сандан сапатка өтүү керек. Илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн окуу жайларга артыкчылык беребиз. Алар аркылуу университеттердин дүйнөлүк рейтингге катышуусуна өбөлгө түзөбүз», — дейт Исаков.

Анын айтымында, университеттердин коом, ата-эне, иш берүүчүлөрдүн алдындагы милдетин көрсөтүп, окуу программаларынын негизин жумуш берүүчүлөрдүн талаптарына ылайык өзгөртүү керек.

Ошондой эле орто мектептерде окуучулардын турмушуна зарыл болбогон сабактар кирип кеткен учурлар бар. Андыктан, мектептеги предметтердин саны азаюусу ыктымал.

Исаков мындан сырткары, окуу китептери эң чоң көйгөй экенин белгилеп, андагы каталар министрликке көө жаап жатканын айтты.

Министрдин пикиринде, китеп жазган авторлорду окутуу зарыл. Анткени, ата мекендик окумуштуулардын дарамети жаңы стандартка жетпей жатат. Андыктан, биринчи кезекте Билим берүү академиясынын макамын көтөрүп, ал жерде эмгектенгендердин билимин жогорулатып, министрлик менен болгон карама-каршылыктарын жоюу зарыл.

«Окуу китептери боюнча адистерди чакырып кеңешип жатам. Жоболорду кайрадан карап чыкпасак болбойт. Тендерде да бир топ жетишпестиктер болгон учурлар байкалууда. Бул көйгөйгө чекит коюу үчүн убакыт керек. Буга кошумча, бала бакчалардагы балдардын аң-сезимин өстүрүп, дүйнө таанымын кеңейте турган китептерди чыгаруу багыты жанданат», — дейт Исаков.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    24.09.2019 21:56

    Ушул министирге менин унум жеттиби, же озу элди ойлогон жетекчиби. Мен коптон бери жазып келген маселени которуптур, билим беруу жаатында коп озгортуулорду киргузуу керек.
    Кыргызстанда окуучулар, студенттер жана пенсионерлер эле калыптыр, ушуларды окутам деп элдин баары сыртта иштеп журот.
    Бизге керексиз кадр даярдаган комерцияга айланып, элдин канын соргон керексиз окуу жайларды жою керек.
    Мен озубуздун жергиликтуу мектептерди сапатын которуу керек, ал учун элде намыс болуш керек, Себат, Сабат, туркторго тологон акчанын жарымын тологуло биздин мугалимдер кандай иштейт экен. Себат комерциалык окуу жайы, жакшы окуган окуучуларды тандап алып окуткан. Ушундай комерцияга айланган окуу жайлар жоюлса жонокой мектептерди сапаты онолот, окуучулар терилип калбайт

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM