Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев: Ширин Айтматова өзүн кыргыздын «Навальныйы» кылып көрсөткүсү келип жатат

Кыска кабар | 23 Сен 2019 | 1767 | 1

Бирөөнү күнөөлөөрдөн мурда, Ширин Айтматова атасынын музейинин абалына карасын. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев 24.kg сайтына билдирди.

Саясатчы өзүнүн ун тармагында эмгектенгендигине сыймыктана турганын айтып, Ширин Айтматованын кайрылуусунда айтылган 650 млн сомду баардык ун тармагындагылар салык түрүндө төккөнүн билдирди. Ошондой эле ал учурда аталган тармак Кыргызстанда жабылганын жана ун ишканалары жабдууларын сатып баштаганын билдирген.

«Депутат болуп келгенге чейин аталган тармакта иштеп жүргөндө, мал чарбасы менен алек болгон фермерлерди арзан тоют менен камсыздап келгенбиз. Бүгүнкү күндө тоюттар Казакстандан келет жана 1 килограммы — 15 сом. Мен иштеп жүргөн убакта баасы 2-3 эсе арзан болчу. Мурда салык катары  ушул тармак төлөп келген 650 млн сом, учурда бюджетке түшпөйт. Баары Казакстандан аткезчилик жолу менен алып келет», — деп билдирген Төрөбаев.

Мындан сырткары, эл өкүлү Ширин Айтматованын коррупция менен күрөшүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге салыштырган. Ошондой эле аны өзүн кыргыздын Алексей Навальныйы (Орусиялык оппозиционер) кылып көрсөткүсү келип жаткандыгын айткан.

«Бирөөнү күнөөлөөдөн мурда, Ширин Айтматова атасынын музейинин абалына карасын. Музей оңдоп-түзөө иштерине муктаж. Жакшы дагы музейдин абалын көзөмөлдөп турган бир тууганы Эльдияр Айтматов бар»,- деген Төрөбаев.

Эске салсак, буга чейин Ширин Айтматова Жогорку Кеңештин үч фракциясынын лидерлеринин ун тармагындагы салык салуудагы жеңилдетүүлөрдөн улам 650 млн сом киреше тапкандыгын айтып чыкан болчу.

1 пикир

1 пикир

  1. Дастан

    24.09.2019 08:18

    Бакыт навальный деп коруп жатса эле Ширин навальный болуп калбайт. Шириндин ниети чындыкты ачыка чыгаруу ал эми Бакыттыкы жанбаш жалоо позициясы бийликте корунуп эле турат.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM