Марал Радиосу

Генерал Кыязов: Марафондогу чуркоону Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына арнайм

22-сентябрда милициянын отставкадагы генерал-майору Кемел Кыязов Москвада өткөн VII эл аралык марафонго катышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган иш-чарага катышуу үчүн 85 өлкөдөн 22 миңден ашык спортчу келген. Аба ырайы + 5-7 градус болуп, борошо уруп турганына карабай, Москванын чоң көчөсүндө өткөн марафондо генерал-майор Кемел Кыязов 42 км 195 метр аралыкты 4 саат 01 мүнөттө чуркап өткөн.

Жаш курактары боюнча катышуучуларды жана жеңүүчүлөрдү ушул жылдын 3-октябрынан кийин сыйлашмакчы.

Кемел Кыязов бул марафондогу чуркоосун Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине арнаган.