Марал Радиосу

Тил күнү: Улуу Британиянын элчиси Алыкул Осмоновдун ыры менен куттуктады

Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарретт  бүгүн, 23-сентябрь — «Мамлекеттик тил» мыйзамы кабыл алынганынын 30 жылдыгы менен куттуктап, Алыкул Осмоновдун ырын өзүнүн Twitter баракчасы аркылуу окуп берди.

«Бул Алыкул Осмоновдун ырын Талас шаарында үйрөндүм. Мааниси абдан жакшы деп ойлойм. Кыргыз тилинин үйрөнөлү! «, — деп жазган Чарльз Гарретт.