Марал Радиосу

Генерал Табылды Молдобаев каза болду

Өлкөнүн Коргоо министринин мурунку орун басары Табылды Молдобаев көз жумду. Мындай кабарды маркумдун жакындары маалымат каражаттарына билдирди.

Коргоо министринин мурунку орун басары — К.Үсөнбеков атындагы Аскер институтунун мурунку директору, Куралдуу күчтөрдүн генерал-майору Табылды Молдобаев кечээ 67 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышты.

Маркум 23-сентябрда жерге берилет. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты аталган институттун аймагында өтөт.