Марал Радиосу

Акматов: Парламентти мөөнөтүнөн мурда шайлоого бир канча негиз бар

Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтөт деген маалымат таратты. Мындай кабарды алар Жогорку Кеңештеги жеке булактарына таянып жазышты. Азыркы саясий кырдаалда буга муктаждык канчалык? Бул аракет кимдин чырагына май тамызат?

Теманын алкагында саясат талдоочу Айданбек Акматов менен маек курдук.

— Парламент мөөнөтүнөн мурда таркайт деген маалыматка ишенүүгө негиз канчалык?

— Саясий кырдаал бул маалыматка ишенүүгө негиз берет. Азыркы кезде бийликтеги күчтөр үчүн капысынан шайлоо өткөрүп, өздөрү атаандаштары даярданганга чейин парламентке келип алууга шарт түзүлүп турат. Анын үстүнө аларга атаандаш боло турган же буга чейин конкуренция түзүп келген күчтөрдүн баары алсырап турган убагы. Булар үчүн дароо парламенттик шайлоо өткөрүүгө эң ыңгайлуу учур. Баарыбызга белгилүү, Алмазбек Атамбаев толук четтетилди, Бабанов болсо, үстүнөн козголгон кылмыш ишинен улам саясаттан алыс, Текебаев сот менен алек, Садыр Жапаров абакта. Жалгыз Адахан Мадумаров бар, ага азыр бүтүндөй социалдык тармактардан болобу, башка жактарданбы, басым күчөп, четке чыгаруу аракети жүрүп жатат.

— Жогорку Кеңеште отурган фракциялардын ичинен кийинки чакырылышка бара турганын ачык айткандар бар. Алар парламентти мөөнөтүнөн мурда таратууну колдошу канчалык реалдуу?

— Эгерде бийлик сүйлөшүп, келишимге келген болсо, буга сөзсүз барышат. Анын үстүнө биздин парламент «кандай ийкемдүү» экенин билебиз. Жогору жактан буйрук болсо, булар ага сөзсүз барышат.

— Шайлоого катышуусу мүмкүн болгон сиз жогоруда атаган жана башка саясатчылар бар. Эгерде шайлоо мөөнөтүнөн мурда болсо, алар нааразычылык көрсөтүп, саясий чыңалуу болуп кетпейби?

— Босогону 9 пайызга көтөрүү — саясатты парламентке алып келүүгө эмес, көчөдө калышына шарт түзгөн жагдайлардын бири. Демократиялык өлкөлөрдө 3-5 пайыздын тегерегиндеги босогодон өткөндөр парламентке келип бийлигин жүргүзөт. Бизде тескерисинче, босого упай 9 пайызга көтөрүлүп, парламентти монополизациялоо аракети жасалып жатат. Ойлошкон «9 пайызга көтөрсөк, ири партиялар келет, өкмөттө туруктуулук пайда болот», — деп. Бирок бул жалган туруктуулук болуп калат. Себеби, көптөгөн саясий күчтөр сыртта калса, бизде саясат парламентте эмес, көчөдө өтүп, өлкөнүн туруктуулугуна шек кетип калышы мүмкүн.

— Мындай жол менен кеткенде парламентте оппозиция түп-тамырынан жок болуп кетпейби?

— Бул маселе да бар. Бугүнкү күндө бир канча партия курултайына даярдык көрүп жатат.  Каржы жагынан да, маалымат каражаттарындагы ресурсу жагынан да, шайлоочуларынын көптүгү жагынан да күчтүү, негизги оппозиция боло турган, — бул, Бабанов башында турган «Республика» партиясы. Президенттик шайлоодо да канча добуш алганы баарыбызга белгилүү. Бул жерде чоң соодалашуу жүрүп жатат. Бабановдун ЖМКларында: «Бабановго кылмыш иши козголсо, партиядан кетет экен, козголбосо кайра келет экен», — дегендей ачык айтылып жатат. Эгерде бийлик толук ушундай акыбалда: саясий оппоненттерди каралап, бирөөсүн кысымга алып, бирөөсүн кылмыш иштери менен четтетип шайлоого бара турган болсо, албетте, өздөрүнө жакын партиялар гана Жогорку Кеңешке келип калышы мүмкүн. Дагы бир ой бар, «Мүмкүн Текебаевдин үй камагына чыгарылышы менен эски КСДП жана «Ата Мекен» партиясын калыбына келтирип, «дүжүр» оппозицияга алып келеби?» деген. Текебаевдин айланасында Отунбаева баштаган бир топ саясатчылар жүрөт, буларда бир сүйлөшүү же келишим болушу мүмкүн.

— Сиз саясат талдоочу катары кайсы жолду тандоо туура деп эсептейсиз?

— Азыркы парламент менен, азыркы ыкма менен шайлоо боло турган болсо, эч кандай айырмасы болбойт. Эгерде биз шайлоо системасын, мыйзамдарын өзгөртүп, депутаттарды партия лидери эмес, эл тандай тургандай шарт түзсөк. Андан соң гана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрсөк, натыйжа бермек. Азыркы жол менен мурдагыдай шайлоо эч кандай натыйжа бербейт. Тескерисинче, парламент азыр бийликтин кандай ыгында болсо, андан да начарлап, жакшы эмес кырдаал түзүлөт.

Жумабеков: Учурда парламенттин тарашына эч кандай негиз жок

Exit mobile version