Марал Радиосу

Эркин күрөшчү Алмаз менен Магомед атаандаштарын жеңди

Кыргызстандык эркин күрөш балбаны Алмаз Сманбеков Дүйнөлүк чемпионатта алгачкы беттешин ийгиликтүү жеңди. 61 кило салмактагылар арасында Алмаз Швейцария балбаны Рэнди Адриан Вок менен беттешип, 12:2 эсебинде техникалык-таза жеңишти камсыздады. Эми жарым-чейрек финалда казакстандык Расул Калиев менен күч сынашат.

Ал эми 97 кило салмакта балбаныбыз Магомед Мусаев баштапкы этапта литвалык Лукас Красаускас’ты 11:0 эсебинде таза артыкчылык менен утту. Эми жарым чейрек финалда монгол спортчусу Бацул Ульзисайхан менен кез келет.

Ушул күндөрү Казакстандын Нур-Султан шаарында спорттук күрөш түрлөрү боюнча дүйнөлүк чемпионат өтүп жатат. Анда ар бир салмакта биринчи орундан бешинчи орунга чейинки орунду камсыздаган спортчуларга 2020-Токио Олимпиадасына жолдомо берилет.