Биз менен байланышыңыз

Тарыхта биринчи жолу: Айсулуу Тыныбекова — дүйнө чемпиону

Кыска кабар | 20 Сен 2019 | 5991 | 1

Кыргызстандык балбан кыз, Азиянын үч жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатынын финалында Болгариянын балбаны Тайбе Мустафа Юсейнди утуп алды.

19-сентябрда жарым финалда Түндүк Кореялык атаандашын 5:3 эсебинде утуп, финалга чыккан.

Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Дүйнө чемпионаты Казакстандын баш калаасы Нур-Султан шаарында өтүп жаткан мелдеште алдыңкы беш орунду камсыздаган балбандарга 2020-жылы Токиодо өтүүчү Олимпиадага жолдомо берилет.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын эгемен тарыхында кыз келиндер күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионаттын алтын байгесин уткан балбан Айсулуу Тыныбекова болду.

Copyright © 2017 Maral FM