Марал Радиосу

Максат мектебиндеги окуучулар менен психолог иштеп жатат

Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүндөгү Максат орто мектебинин окуучуларына психологиялык жардам көрсөтүлүп жатат.  Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Чек ара аймагындагы билим уясына психолог менен чогуу райондук билим берүү бөлүмүнөн атайын адис жиберилди.

Психологдун айтымында, кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуялардан кийин окуучулар арасында олуттуу стресске кабылгандар жок. Ата-энелерде бир аз чочулоо байкалат.

Максат мектебинде эки күндүк тыныгуудан кийин окуу процесси кечээ жанданган. Бүгүн, 20-сентябрда 196 баланын 112си сабакка келди. Калгандары кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан кийин коңшу айылдардагы туугандарынын үйүнө кеткен.