Марал Радиосу

Өзбекстан инвесторлорго өзгөчө виза ачты

Өзбекстанга 180 миң доллардан ашык инвестиция салган ишкерлерге 3 жылдык виза ачылат. Мындай жарлыкка Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кол койгон. Бул тууралуу жергиликтүү басма сөз каражаттары жазды.

Маалыматка ылайык, чет элдик инвесторлор үчүн «Investment-Visa» аттуу атайын виза түзүлгөн.

Буга чейин мындай категориядагы виза 3 айга чейин, өзгөчө жагдайларда бир жылга чейин созулчу. 3 жылдык визага ээ болуу үчүн чет элдик жаран 180-200 миң доллардан ашык инвестиция салышы керек.