Марал Радиосу

Тарыхый инсандардын татаал тагдыры — эгемендик үчүн күрөш («Маркумдар үнү» китебинин негизинде)

Китептин аты алгач бир аз кызык угулду. «Эмне үчүн «Маркумдар үнү»? Ичинде эмне жазылган?» деген суроолор жанымды жай алдырбай, китепти окуп чыгууга түрткү берди. Бир эле жолу басылып, андан кийин чыкпай калганы үчүн китепти табуу оңойго турган жок. Адамдан эмес, Кудайдан сураган жетет экен. Каалоонун күчтүүлүгүнөн максатыма жетип, китепти да окуп бүттүм. Сандаган суроолорума жооп да алдым. Көрсө «Маркумдар үнү» дегенинин жүйөсү, сталиндик репрессиянын курмандыктарынын жер астынан бизге үн салгандыгында экен. Албетте, бул бир жагынан алып карагандагысы.

Китептин автору — Кыргыз Эл жазуучусу Көчкөн Сактанов. Тарыхый чындыкты камтыган китептеринин бири — «Маркумдар үнү» чыгармасы. Китепте кыргыз улуттук профессионал сүрөт искусствосунун негиздөөчүлөрүнүн бири Гапар Айтиевдин өмүрү менен ошол учур сүрөттөлгөн. Сталиндин саясаты, кыргыздардын агаруусу, кыргыз атынын сакталып калуусу үчүн жанын курмандыкка чалууга даяр болгон К. Тыныстанов, Ж. Бөкөнбаев, А.Осмонов, Т. Сыдыкбеков, Ж. Турусбеков, У. Абдукайымов, М. Элебаев, А. Токомбаев сыяктуу улуу инсандарыбыздын Сталин доорундагы кыйынчылыктары, кызыктары камтылган. «Маркумдар үнү» деп аталган китеп 1990-жылы басууга берилип, 1991-жылы 30000 миң нускада жарык көргөн. Жалпы 314 беттен турат.

Китептен кандай таасир ала алдым? Китептин турган турушу, ар бир сөзү, жазуучунун сүрөттөө кудуреттүүлүгүнүн күчтүүлүгү жан дүйнөнү арбап алып, кыял кемесине салып, чыгармадагы каарман Гапар же Алыкул эмей эле мен сыяктанып, согушса согушуп, ооруса кошо ооруп, жөтөлсө кыйналып, сүйсө сүйүп, күлсө кошо күлүп, каткырып, кайра эле көзүмө жаш алып, кээ бир жеринде буулуп ыйлап да алдым. Эми китеп жөнүндө айта берсе сөз түгөнбөгүдөй. Андан көрө китептин ичине үңүлүп, кээ бир ирмемдеринен бөлүшө кетейин:

— Кудай келип, куру казаныңа аш салып бербейт. Дилиңде тазалык, башыңда акыл, колуңда эмгек болсо, анан берет Кудай.

— Элге, элдин ортосунда жүрүп иштей бериш керек. (Элге кызмат кылыш үчүн, сөзсүз бийликке келиш керек, байлык болуш керек, же кылганын жарыялоо керек деген калпыс түшүнүктөрдөн алыстатты).

— Сенден өтүнөрүм бу… Гапаралини кор кылба… Экөөбүздөн калган белек, тукум ушу гана… Менин же өзүңдүн туугандарыңа берип койбой, өзүң чоңойт…( Бала ата-эненин мээриминде чоңоюшу зарыл экендигин түшүндүм.)

— Кийин чоңоюп, ары бери өткөнүңдө ушул тытка ийилип салам айта жүр, — деди атам.
— Имне үчүн?
— Бизди бир түнөттү. Жаман-жакшыдан сактады. Дегеле биздин элде «Бир түнөгөн жериңе, миң ирет салам айта жүр» дейт, — деди атам…

Акыркы замандын акылманы, сайраганы башка да, кылганы башка.

— Айтмакчы директирдин да аты-жөнү да «ов» же » ев» эмес, «хин…» Юдахин экен. Аты-жөнүңдү сураса, Айти уулу дебей эле, Айтихин деп койчу.
— Башканын атын бузсам да, атамдын атын бузбайм…

— Садис. Айтиев!
— Я.
— Скажи пожалуйста, петух женский или мужской род?
— Мужской род.
— А курица?
— Женский род.
— Почему?
— Потому что курица жена петуха!
Класс ичи ха-ха-ха!
Петр Кузьмич күлмөк түгүл жылмайбайт, күлсө мени кемсинтип албайбы. Маданиятту киши алсыздын алдында өзүн алдуу сезбейт экен го, бечаранын алдында беделдүүсүнбөйт экен го. Атаганат, келечекте ушундай киши болсом, ээ?

Эс алганча, өз айылыңдагы сабатсыздардын сабатын жоюп кел. (Алган билимиңди айыл элине жеткирип, билим менен бөлүшүү керек.)

Аңгыча кимдир бирөө:
— Эй, молдо! — деди.
Карай салсам баягыл өзгөндүк имам менен айтышкан малчы.
— Ассалоом алейкум, аке!.. Кандайсыз. Кайдан келатасыз?
— Кайдан болсун? Сен келаткан шаардан. Дайыма поездден жолугабыз.
— Дагы да чоң чогулушка барып келатасыз го?
— Ооба. Болгондо да Абдыкадыр Орозбеков деген агаңды Кыргыз АССРинин Аткаруу Комитетинин төрагасы кылып шайлап келатам. Орозбеков дегенди билчү белең?
— Угуп жүрчүмүн.
— А өзүң окууданбы?
— Иги.
— Оку, оку, айланайын. Сокур киши таягы менен жер чокулап, арык аттай албай турганын көрдүң беле?
Баш ийкейм.
— Билимсиз киши маселе чечерде өзүн так ошондой сезет экен. Ошон үчүн оку, айланайын! Окубаган киши — сокур. Мына, мен билимсиз киши, борборго келип маселе чечимиш болуп жүрөм. А чын-чынында маселе чечпей эле, болгону кол көтөрүш үчүн атайы Оштон келем…

Касым каалганын жанына келди. Каалганын арткы кырындагы төмөнкү жана жогорку эки ашык-машыктын ортосунда ачык жер бар го, эшикти желдет ачып туруп, манжа батчудай болгон ошол ачык жерге Касымдын оң колунун манжаларын саларда тергөөчү желдетке чорт эте минтти:
— Токто! Оң колун эмес, сол колун! Оң колунун али бизге пайдасы тиет. Күнөөсүн мойнуна алганда токтомго кол коёт.
Колун каалганын артындагы жыртыкка салса эмне болорун Касым эми гана түшүндү. Сол колун салбай, желдет менен менен кайра алыша кетти, бирок алы кетип калган экен, желдет аны бир колу менен желкеден алып, экинчи колу менен Касымдын сол колунун манжаларын тешикке салып, эшикти акырын жапты эле Касымдын манжа сөөктөрү кырс-кырс этип сынып кетти.
— Ал мойнуңа!
Касым манжаларынын ооруганын дароо сезген жок, манжаларынын жаны кетип, чымырай уюп, дуулдап ысып чыкты, көңүлү азып кетти.
— Э-эй, адам баласы! Ушундан көрө атып салчы!
Тергөөчү:
— Сага ок коротуп жиндиминби? Моюнуңа албасаң ушинтип кыйнап өлтүрөм! Сөөгүңдү бүт чагам! — Желдетке буюрду. — Отургуз буякка!
Желдет анын колун каалгадан аларда эриндерин тиштенген Касым «а-аа-ай!» деп бакырып алды. Көкмөк болгон манжаларынан кан жая берип, кудай бетин салбасын, какшап ооруганы чучугуна жетти. Ушу мүнөттө Касым өлүмдү тиледи. Жылуу жер алдында, караңгы гөр ичинде тынч гана сулап жатууну эңседи, дегдеди. Желдет аны тергөөчүнүн бет алдына отургузду. Онтобос үчүн Касым өжөрлөнө тиштенип алды, бирок чыдоого мүмкүн эмес окшойт, манжалары эмес, бүткүл денеси чучугуна жете какшап аткансыды. Жалган жеринен «күнөөсүн» мойнуна алып, кол коюп бергиси да келип кетти, бирок кантип ошенте алат? Эртеси эле Касым мойнуна алыптыр, кол коюп бериптир деп шаарда дүңк дебейби! Өзү го өлүп кете берет, а балдарынын, аялынын, туугандарынын тагдыры эмне болот? Артынан эли эмне дейт? Чыда! Чыда! Бүгүн түнү эптеп асынып өлүп алар бекенмин! Чыда!

Жогоруда белгилеп өткөндөй, бул китеп алтынга тете жазылган. Сталиндин саясаты, кыргыздын интеллигенциясынын калыптануусунун учкундары, устундары тууралуу ой гүлү, сөз кудугу терилип жазылгандай. Айрыкча, Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев дагы неченден кыргыздын эр-азаматтары, кыргыз профессионал адабиятынын түптөөчүлөрү кыргыздын кыргыз болуп сакталып калуусуна, андан ары жашоосун улантуусуна себепчилердин сап башында тургандыктары белгилүү. Алардын бир жагы кейиштүү, бир жагы кубанычтуу тагдыры бизди ойлонтпой койбойт.

Тагдыр бирде кысса, бирде жылмаят тура. Бир кезде кыргыз үчүн кан-жанын аябаган аталарыбыздын урматы бүгүнкү күндө опол тоо көтөрө алгыс. Ошон үчүн ар бирибиз, өзүбүздүн кимдигибизди таанып, келечекке болгон сапарыбыздын багытын туура коюп, ошонун үстүндө Алыкул айткандай иштей бериш керек. «Өлгөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт» деген сыңары, аталарыбыздын эмгегинин, биз үчүн төгүлгөн канынын, апалардын көз жашынын баркын билип, мүмкүн болсо, алар салган чыйыр менен өзүбүздүн заманга жараша элге, жерге кызмат кылуудан чегинбейли.

Кыргыздардан чыккан алгачкы жазуучу, сүрөтчү же жалпы эле кыргыз атынын чыгышына үлүш кошкон, Кыргызстан болуп эгемендүүлүккө жетүүсүнө шарт түзгөн тарыхый инсандарыбыздын узун-кыска, ары кызыктуу, ары татаал өмүр жолу менен ушул китептен тааныша аласыздар. Кандай кордуктарга чыдаган, кыргыз эли кыргыз болуп калуусу үчүн кандай аракет кылгандары тууралуу. Илимин, билимин, жада калса өз жанын элинин келечеги үчүн садага чапкан адамдар менен эгемендүүлүккө багыт алган кыргыз тарыхы камтылган.

Өткөн жолун унуткан эл келечекке жол таппайт. Балким өлкөбүз өнүкпөй, каталарын кайталап келе жатканынын себеби тарыхыбыз менен тааныш эместердин бийликке келип жатканындан чыгар. Же эгемендикке жеткен жолдун түйшүгүн билбегендиктен… Максатым бирөөнү күнөөлөш же сындаш эмес. Айтайын дегеним, тарыхты чагылдырган улуу китептер менен тааныш болуп, репрессия курмандыктары болгонуна карабай, кыргызым үчүн деп элине күйгөн тарыхый инсандарыбыздын өмүрүнөн сабак алып, эгемендүүлүгүбүздүн баркына жетели.

Exit mobile version