Марал Радиосу

АКШда экологиялык көтөрүлүш мерчемделүүдө

АКШнын Fridays For Future экологиялык активисттер тобу тарых боюнча массалык жүрүш уюштурууга даярданууда. Бул тууралуу ВВС агенттиги жазды.

Ага ылайык, АКШдагы 800 мектептин окуучулары бийликтин экологиялык саясатына нааразычылыгын билдирип, сабактарды калтырышмакчы.

Британияда климаттын өзгөрүүсүнө каршы окуучулардын кыймылы борбордук көчөлөрдө уюштурулат. Апрель айында Extinction Rebellion (Тукум курутка каршы) кыймылынын активисттери Лондондогу музейди ээлеп алып, адамзаттын кыянаттык аракеттеринен улам климаттын кыйрап жатканын айтып, табиятка камкор мамиле жасап коргоого, өз кызыкчылыгы үчүн экологияны бузуудан алыс болууга чакырган.