Марал Радиосу

Нарын: Мыйзамсыз курал-жарак катып жүргөндөр кармалды

Мамлекеттик чек ара кызматынын Нарын аймактык бөлүмү ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте Нарын облусунун бир катар жайлоолоруна текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу чек ара кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

«Тилектештик-2019» атайын операциясынын алкагында жүргүзүлгөн иликтөө учурунда Дары-Суу жайлоосундагы 1966-жылы туулган Ж.А.нын үйүнөн мыйзамсыз сакталган «ТОЗ-8» кесилген мылтыгын ок-дарысы менен таап алышты.

Ушундай эле текшерүү Адыбай жайлоосунда да жүргүзүлүп, 1967-жылы туулган Т. И. аттуу жарандын үйүнөн мылтыктын ок-дарыларын жана 4 килограмм кийик этин алышкан.

Мыйзамсыз курал-жарак, ок-дарылар Нарын облустук Ички иштер башкармалыгына, кийиктин эти Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин Нарын облустук бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Учурда алар экспертиза жүргүзүп жатышат.