Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров облустун күч түзүмдөрү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча координациялык кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Кеңешмеде Мадумаров эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде кабыл алынган протоколго ылайык иш-чараларды жүргүзүү боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.
Ошондой эле, ал коңшу өлкөнүн тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, делимитация жана демаркация маселелери жүрө элек, такталбаган аймактарда мыйзамсыз аракеттерди болтурбоо, ар дайым коомдук коопсуздукту камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.
Мындан сырткары, Мадумаров Лейлек районунун Максат айылында 16-сентябрда болгон окуя боюнча иликтөө иштерин жүргүзүү зарылдыгын, окуянын кайталанбашы үчүн алдын алуу чараларын көрүү керектигин айтты.
Учурда Баткен облусундагы чек арага жакын аймактарда абал тынч.