Марал Радиосу

Япония: Бороондун айынан 500дөн ашык мектеп бузулду, жарым жылда оңдолот

Японияда сентябрь айында «Факсай» бороону катталып, Токиого жакын аймактагы 500дөн ашуун мектеп кыйроого учураган. Бул тууралуу Kyodo агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, бороондун айынан 548 окуу жай жабыркаганы катталган. Аны оңдоп-түзөө үчүн жарым жылдай убакыт керектелери айтылууда.

Ошондой эле, Токиодогу энергетикалык компаниянын айтымында 4 миң турак жай дагы деле жарыксыз калууда. Компания эки жуманын ичинде жарык менен толук камсыздоого убада кылды.

«Факсай» бороону быйылкы жылдын эсебинен он бешинчи ирет катталды. Анын кесепетинен 3 адам каза болуп, 60ка жакын адам жаракат алган.

Ал эми Кыргызстанда учурда жалпы 190 мектеп авариялык абалда. Аны оңдоп-түзөө үчүн 13 миллиард сом керектелери айтылган.