Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы «Кызыл-Бел» көзөмөл-өткөрмө бекетинде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзоданын жолугушуусу өтүп жатат. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.
Тараптар кечээ кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн куралдуу кагылышты талкуулоого ниеттенишүүдө.