Биз менен байланышыңыз

Чек арадагы ок атышуудан каза болгон аскер акыркы сапарга узатылды

Кыска кабар | 17 Сен 2019 | 3100 | 1

Баткен облусунун Исфана шаарында аскердик милдетин өтөө маалында каза болгон Мамлекеттик чек ара кызматынын «Бөрү» атайын багыттагы отрядынын аскер кызматкери Равшан Муминовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Акыркы сапарга узатууга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары,  вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана Муминовдун кесиптештери катышты.

Өкмөт башчы курман болгон Равшан Муминовдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

«Биз оор жоготууга учурадык. Мекени үчүн, улуттук кызыкчылыктарды коргоо үчүн өмүрүн берген, өлкөбүздүн чыныгы мекенчил уулунан ажырадык. Баарыбыздын кабыргабыз кайышып, бүтүндөй өлкө кайгырып турат», – деди Абылгазиев.

Ал маркумдун үй-бүлөсүнө колдоо сөздөрүн айтып, мамлекет аларды тийиштүү көңүл буруусуз жана кам көрүүсүз калтырбай турганын баса көрсөттү.

Маркум Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө Жогору Кеңештин жана Өкмөттүн атынан материалдык жардам көрсөтүлдү.

1 пикир

1 пикир

  1. Жоробек

    18.09.2019 01:13

    Үй бүлөсүнө кудайым сабыр берсин окуп чыдай албай ыйладым балдарына өмүр берсин

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM