Марал Радиосу

Бек Борбиев орус тилинде ырдап чыкты [видео]

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, обончу жана аткаруучу Бек Борбиев репер Амир Аскаров менен биргеликте «Ла Ла Ла» аттуу ырды орус тилинде ырдап чыкты. Ыр Ютуб каналындагы ASKAROV баракчасына жайгаштырылган беш күндө эле 136 765 жолу көрүлдү.

Аталган ыр боюнча Амир Аскаров: «Өтүп жаткан жылдын эң мыкты дуэти. Ыр сөзсүз түрдө бардыгына жагат», — деди. Ал эми Бек Борбиев: «Бул ыр позитивдүү жана стилдүү болот», — деген пикирин Инстаграммдагы баракчасына жазды.