Марал Радиосу

Жака-Өрүктө такталбаган чек ара тилкесинде курулуш уланып жатат (сүрөт, видео)

Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Жака-Өрүк аймагындагы такталбаган чек ара тилкесинде курулуш иштери уланып жатат. Бул тууралуу аталган аймактын тургундары «Марал» радиосуна билдирип, жеринен сүрөт жиберишти.

Бул маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматы да ырастады. Бирок, ал курулуш эмне максатта экендиги азырынча белгисиз.

Эске салсак, 14-сентябрда Жака-Өрүк айылында такталбаган жердеги жолдун чекесине тажик жарандары 10 машина шагыл төгүп башташкан.