Марал Радиосу

УКМК жемкорлордон дагы 19 млн сом өндүрдү

Коррупция менен күрөшүүдөн кайтарылган каражаттардын Бирдиктүү депозиттик эсебине кезектеги акча төлөмдөрү которулду. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 16-сентябрда 19 млн 831 миң сом которду.

Коррупцияга каршы күрөшүү иштерининин алкагында мамлекетке кайтарылган каражаттардын жалпы суммасы депозиттик эсеп ачылгандан бери 303 млн 646 миң 362 сомду түздү.