Марал Радиосу

Бишкекте чек арага байланыштуу чогулгандарды милиция кармап кетти (видео)

Бишкекте жаштар кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча чогулушту. Аларды милиция кызматкерлери таратып, топтолуу тууралуу мэрияга кабар берилбегендиктен, мыйзамсыз экенин түшүндүрүштү.

Социалдык тармактын колдонуучусу Айкут Конушбайдын айтымында, 5 баланы милиция кармап кетти. Аларды Биринчи май райондук администрациясына алып барышкан.