Акыркы маалыматтарга ылайык, 16-сентябрда Максат айылында болгон кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда май куюучу жай өрттөнүп, айылдын мектебине ок атылган. Жергиликтүү тургундар Интернационал айылындагы мектепке көчүрүлгөн.
Бүгүнкү күндө абал салыштырмалуу туруктуу. Чек ара күчөтүлгөн тартипте көзөмөлгө алынууда.