Марал Радиосу

Айыл өкмөтү: Максат жана Интернационал айылынын эли көчүрүлүп жатыптыр

Лейлек районунун Максат айылындагы ок атышуу басаңдап калды. Бул тууралуу Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысы Кудайберди Тажибаев «Марал» радиосуна кабарлады. Анын айтымында, айылдагы чек ара постунда ок атуу болгон.

— Азыр Максат жана Интернационал айылдарында жашаган тургундарды алып чыгып жатышыптыр. Эвакуациялоо жүрүп жаткан экен. Менин орун басарым турган жерге жакын жардыргыч зат түшүп, кулагы тунуп калганын айтты.

Кошумчалай кетсек, 16-сентябрь күнү кечке жуук Лейлектин Максат айылында кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу башталганы кабарланган. Жергиликтүү тургундар видео, аудио материалдарды социалдык тармакка жарыялашкан. Бул боюнча Чек ара кызматы маалымат бере элек.