Марал Радиосу

Дүйшөбаев: Парламенттик шайлоодо ашып кетсе, 4 партия өтөт

Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, УКМКнын мурдагы төрагасы, генерал Кеңешбек Дүйшөбаев «Маралда» «Кечээ. Бүгүн. Эртең.» программасына берген маегинде парламентти таратууга негиз жок экенин билдирди.

Анын айтымында, парламенттик шайлоонун босого упайы 9%га көтөрүлгөндүктөн, алдыдагы шайлоодо Жогорку Кеңешке саналуу гана партия өтөт. Ашып кетсе, 4 партия өтүшү ыктымал.

Дүйшөбаев мындан сырткары, мамлекетти башкаруунун формасын эл референдум аркылуу тандашы керектигин белгиледи.