Марал Радиосу

Башкы прокуратура Бирдиктүү депозиттик эсепке 17 млн 182 миң 970 сом которду

Башкы прокуратура коррупцияга каршы күрөшүү максатында ачылган Бирдиктүү депозиттик эсепке 17 млн 182 миң 970 сом которду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ушуну менен Бирдиктүү депозиттик эсепке которулган акчанын жалпы суммасы 536 млн 445 миң 462 сомду түздү.

Белгилей кетсек, аталган эсеп 2018-жылы президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен түзүлгөн