Марал Радиосу

Сокулукта жана Бишкекте газ өчөт

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу «Газпром Кыргызстан» ишканасы Сокулук районундагы жана Бишкек шаарындагы айрым көчөлөргө газ берүүнү убактылуу токтотот. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

— 16-сентябрда Сокулук айылынын Киров көчөсүндө;

— 17-19-сентябрда Бишкек шаарынын Дэн Сяопин көчөсү менен Казаков, Арзамас, Сельсовет көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында;

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштер жергиликтүү тургундарды газ менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында жүргүзүлүп жатат. Андыктан, кырдаалды түшүнүү менен кабыл алууну мекеме жетекчилиги өтүнөт.