Биз менен байланышыңыз

Күрөш. Дүйнө чемпионаты: Каныбек Жолчубеков түрк балбанын таза артыкчылык менен жеңди

Кыска кабар , Спорт | 16 Сен 2019 | 96 | 0

Кыргыздын атактуу балбаны Каныбек Жолчубеков 60 кило салмакта мелдештин квалификациялык этабында түркиялык Керем Камалды 15:7 эсебинде таза артыкчылык менен утту.

Бештештин башында калыстардын бир топ учурда түрк балбанын пайдасына чечкен аракеттерине карабай Каныбек жеңди.

Ал эми 77 кило салмакта Кайрат Түгөлбаев финляндиялык Нико Олави Оскари ЭРККОЛА менен беттешип 7:0 эсебинде утту.

Спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жатат. Бүгүн грек-рим күрөшүнүн акыркы үч салмактагы балбандары күрөшкө түшүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM