Марал Радиосу

Ким Чен Ын Трампты Пхеньянга чакырды

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын АКШ президенти Дональд Трампты Пхеньянда жолугууга чакырды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, чакыруу Ким Чен Ындын АКШ президентине жиберген катында камтылган.

Буга чейин Трамп да Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менен бул жылдын ичинде кайрадан жолугушуу мүмкүн экендигин айткан.

Эки өлкөнүн башчылары 3 ирет жолугууга жетишти – Сингапурда, Ханойдо жана Түндүк-Түштүк Корея чек арасында.