Марал Радиосу

Орусия менен Өзбекстан атомдук энергетика боюнча эл аралык семинар өткөрөт

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) LXIII (63) жалпы жыйынынын алкагында Өзбекстандын атомдук өнөр жайын өнүктүрүү боюнча Орусия менен Өзбекстан семинар өткөрө тургандыгын Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги 14-сентябрда жергиликтүү басылмаларга билдирди.

Аталган семинар 17-сентябрга белгиленген. Орусиянын атынан мамлекеттик «Росатом»  корпорациясы катышат. Ал эми Өзбекстандан сүйлөшүүлөргө өлкөнүн элчилиги өкүлдүк кылат.

Ошондой эле жолугушууга чет өлкөлөрдүн делегациялары, эл аралык эксперттер жана МАГАТЭнин жетекчилиги катышат.